Алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы жигит кармалды
Бишкектин Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга 2022-жылдын 8-январында А.Н. аттуу жаран Б.М.га чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
“2021-жылдын 13-июлунда А.Токомбаев көчөсүнүн жээгинде жайгашкан кызматтык жайлардын биринде алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, БАЭнин аймакка акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын жөнөтүүгө жана алууга көмөк көрсөтөм деген алдоо жолу менен 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатын алып, андан соң из жашырып качып кеткен”, – деп жазган жабырлануучу арызына.
Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин РИИБге катталып, “алдамчылык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Октябр райондук милиция кызматкерлери шектүү катары 1998-жылы туулган Б.М. кармап, тергөө кызматына жеткиришкен. Учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Мындан тышкары, шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.