УОК кышкы олимпиадага кие турган Кыргызстандын командасынын толук формасын көрсөттү — сүрөт

УОК кышкы олимпиадага кие турган Кыргызстандын командасынын толук формасын көрсөттү — сүрөт

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети Пекинде өтө турган Олимпиадада Кыргызстандын курама командасы кие турган расмий толук кийимдерин көрсөттү.

Бир күн мурун сунушталган биринчи комплект, аны кытайлык Tectop компаниясы бекер берген.

Жаңы жылдын алдында Кыргызстандын Лыжа федерациясынын президенти жана машыктыруучусу Игорь Борисов менен жолугушууда профессионал лыжа жабдууларын, анын ичинде дүйнөгө белгилүү италиялык Vist компаниясынын жабдуулары менен каржылоо өтүнүчү айтылды.

Лыжа федерациясы эл аралык талаптарга ылайык долбоорду жана керектүү жабдуулардын тизмесин иштеп чыккан.

Игорь Борисовдун жана Олимпиаданын катышуучусу Максим Гордеевдин өтүнүчү боюнча 2021-жылдын 30-декабрында парад жана мелдештер үчүн 12 даана жабдууларга буйрутма берилип, сатылып алынган. 2022-жылдын 17-январында УОК Максим Гордеевге профессионалдык лыжа буйрутма берип, төлөп берген. УОК ошондой эле улуттук жана олимпиадалык символдор бар калпактарды, төш белгилерди жана желектерди тапшырды.

Расмий форма бүгүн келип, элге тартууланууда.

Белгилей кетсек, Пекинде Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат.

 

Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бир спортчу катышат. Аны ким коштоп барат?

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>