Алдыңкы 3 жылда Кыргызстан мамлекеттик карызды (тышкы жана ички карыз) төлөөгө 230,2 млрд сом коротот. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдиргенин “Акчабар” порталы жазды.
Министрдин айтымында, быйыл 30-июнга карата мамлекеттик карыз 5,7 млрд доллар болгон. Анын 78%ын тышкы карыз түзгөн.
Алдыңкы үч жылда мамлекеттик карызды төлөөгө жалпы 230,2 млрд сом жумшалат.
Анын ичинен:
2024-жылы 66,9 млрд сом;
2025 — жылы 76 млрд сом;
2026 -жылы 87,3 млрд сом.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз