Бишкекте өспүрүмдүн телефонун уурдоого шектелип 3 жаш жигит кармалды

Бишкекте өспүрүмдүн телефонун уурдоого шектелип 3 жаш жигит кармалды

Бишкекте өспүрүм баланын телефонун уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрда болжол менен саат 08:30да Манас проспектиси менен бара жаткан кичи автобустун ичинен 16 жаштагы өспүрүмдүн 12 миң сомдук Redmi 9C телефонун чөнтөкчүлөр уурдап алган. Бул факт боюнча өспүрүмдүн тууганы милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы К.Б., 21 жаштагы Н.А. жана К.А. аттуу жарандар кармалган. Алар шаардык милициянын убактылуу кармочу жайына камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тинтүү учурунда шектүүлөрдүн биринен уурдалган телефон табылып алынып, ээсине кайтарылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>