Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарындагы соода жайларын текшерди
25.07.2025 | 14:53

Бүгүн, 25-июлда, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарынын базарларындагы товарларда акциздик маркалардын коюлушуна багытталган рейддик иш-чарага катышты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейдге президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев да катышкан.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акциздик маркаларга байланышкан салык мыйзамдарынын бузуу факты аныкталган. Мыйзам бузгандарга карата айып пул салынган.
Мындан тышкары Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарын, өзгөчө акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптарды так сактоо зарылдыгын белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар