Алматы-Караганда жолунда кырсыктан сегиз киши каза болду

16.07.2022 | 10:10

Казакстандын Алматы-Караганды унаа жолунда болгон кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза болгонун КазТАГ билдирди.

«16-июль күнү саат 3.20да Караганда облусунун Шетск районунда Алматы-Екатеринбург унаа жолунда MAN жүк ташуучу унаасы менен Mercedes Sprinter жүргүнчү кичи автобусу кагышып, салонунда 17 адам болгон. Кичи автобус Алматыдан Карагандага бара жаткан. Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам ошол жерде каза болсо, дагы бир жүргүнчү тез жардам унаасында ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон», – деп билдирди ишемби күнү Караганда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Тогуз адам ар кандай оордуктагы жаракаттар менен ооруканага жаткырылды.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кичи автобустун айдоочусу рулда уктап кеткен», — деп билдиришти милициядан.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Scroll to Top