Өрт Европаны чулгады. Кайсы өлкөлөрдө тилсиз жоо ээ-жаа бербей жатат?

Өрт Европаны чулгады. Кайсы өлкөлөрдө тилсиз жоо ээ-жаа бербей жатат?

Күндүн аптабында,  оттун түтүнүндө Түштүк Европа өтө оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Португалияда жума күнү 2000ден ашуун өрт өчүргүч өлкөнүн түндүгүндө жана борборунда болуп жаткан 4 ири өрт менен күрөшүп жатышат. Алардан кеминде 1 адам каза болуп, 60ка жакын адам ар түрдүү жараат алышты. Жыл башынан бери Португалияда өрт 30 000 гектарга жетти, бул былтыркыдан 68% көп.

Касас де Миравете, Касерес / Испания

Испанияда абал анча жакшы эмес. Чек аранын аркы тарабындагы Касересте өрт 6500 гектардан ашык токой жана бадалдарды жок кылды.  Жалын Монфрагуе улуттук паркына жайылып кетүү коркунучунда турат. Кооптуу аймактан 30 адам эвакуацияланды.

Касео, Ла Тесте-де-Бух /Франция

Франциянын түштүк-батышында 1000 өрт өчүрүүчү, 10 өрт өчүрүүчү учак жана тик учак Бордо аймагындагы эки өрттү чектөөгө аракет кылууда. 11 миңден ашык адам эвакуацияланды. Шейшембиден бери 7,3 миң гектарга жакын токой күйүп кетти.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өрт өчүрүүчүлөргө жасаган иштери үчүн, ошондой эле Европанын көрсөткөн тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Сибеник /Хорватия

Хорватияда өрт 3,3 миң гектар токойду жок кылды.

Фериса, Сароникос / Греция.

Грециянын токойлорунда өрт күйүп жатат. Афинанын түштүк-чыгышында жана Крит аралында болгон катуу шамал өрттүн жайылышына көмөктөшүүдө. Бийлик тургундарды эвакуациялоого буйрук берди.

 

Тэги: жалын өрт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>