«Алматы — Ысык-Көл» альтернативдик жолунун долбоору талкууланды

«Алматы — Ысык-Көл» альтернативдик жолунун долбоору талкууланды

28-мартта Казакстандын Алматы шаарында «Алматы — Ысык-Көл» альтернативдик автожолунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Ага Алматы-Бишкек экономикалык коридорунун транспорт жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен кыргыз-казак жумушчу тобу жана Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, ошондой эле Казакстандын Транспорт министрлигинин автомобиль жолдору боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жамбыл Бахтияровдун катышты.

Жолугушууда тараптар аталган долбоордун техникалык шарттарын талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Мындан тышкары «Алматы-Бишкек» электроавтобустарын тейлөө долбоорун илгерилетүү боюнча мындан аркы кадамдарды аныктап, жогоруда белгиленген чечимдерди жыйындын протоколуна кол коюу менен бекитишти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>