Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Бүгүн түштө өлкө аймактарында жер титиреди
31.03.2025 | 14:25
Бүгүн, 31-мартта Кыргызстандын бир нече аймактарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 13:25те Нарын облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Ушул эле убакта Чүй облусунун аймагында жер титиреп, силкинүү Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында 3,5 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Учурда аталган жерлерде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар