Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Алматы — Ысык-Көл автоунаа жолу курулат
22.08.2025 | 16:46

Кыргызстан менен Казакстанды байланыштырган жаңы Алматы — Ысык-Көл автоунаа жолу курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Өлкө башчысы эки тарап чек арада индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу долбооруна да өзгөчө көңүл бурганын айтты.
«Сүйлөшүүдө көптөгөн негизги маселелер боюнча көз караштарыбыз туура келип, бири-бирибиздин демилгелерибизди колдоп, аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого багытталган биргелешкен аракеттерибизди улантууга даярдыгыбызды билдирдик», — деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом