Алматыда мас айдоочу блокпостту сүзүп, андан эки полиция кызматкери каза болду

Алматыда мас айдоочу блокпостту сүзүп, андан эки полиция кызматкери каза болду

Алматыда айдоочу мас абалда блокпостту сүзүп кетип,  андан эки полиция кызматкери каза тапкандыгы тууралуу Tengrinews.kz кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, бүгүн, 25-майда таңкы саат 05.26да, 4-номурдагы блокпостту 1992-жылы туулган А. атту жаран BMW үлгүсүндөгү машинасы менен сүзүп кеткен. Биринчи ал бетондон болгон тосмого урулуп, андан кийин 2 полиция кызматкери отурган  кайгуул унаасына ыргып тийген. Анын кесепетинен 42 жаштагы полиция кызматкери, жогорку лейтенант Жарас Жангазиев алган жарааттарынан дароо көз жумган. Ал эми жанындагы сержант Дастан Абдыканов оор абалда жакынкы ооруканага жеткирилип, эсине келбей ошол жерден көз жумган.

Мас абалда болгон BMWнын айдоочусу камака алынган. Бул иш боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>