Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Алмаз Салиев Бажы кызматынын төрагасы болду
20.02.2025 | 10:01
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт бакшчы Адылбек Касымалиев кол койгон документке ылайык, Исабеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынды.
Анын ордуна Бажы кызматынын төрагасы болуп Алмаз Салиев дайындалды. Ал 2022-жылдын февралынан бери орун басарлык кызматта иштеп келе жаткан.
Ал эми Самат Исабеков төрагалык кызматты эки жолу аркалады. Алгач 2021-жылы июндан октябрга чейин Бажыны жетектеген. 2022-жылы январда кайра Бажы кызматынын төрагалыгына келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом