Алмазбек Абытов Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болду

Алмазбек Абытов Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болду

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп Алмазбек Абытов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында спикер Дастабек Жумабеков билдирди.

Абытов буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.

Эскерте кетсек, Алмазбек Абытов маркум Ашырбек Темирбаевдин ордуна дайындалды. Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда 67 жашында дүйнө салган. Ал оорудан улам Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон.

Абытов Алмасбек Ахунжанович 1966-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында туулган.

Билими жогорку. 1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын аспирантурасын аяктайт. 2006-жылы Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетин экономист-математик адистиги боюнча бүтүргөн.

Техникалык илимдердин кандидаты. 3-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек ишмердүүлүгү:

09.1988-07.1993 Кыргыз Республикасынын ИА Машина таануу институтунун автоматтар жана пресстик комплекттер лабораториясында инженер, ага инженер, кенже илимий кызматкер;

11.1990-07.1993 Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын аспиранты;

07.1993-05.1994 Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын Президентинин жардамысы;

05.1994-07.1995 Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай экономикасы башкармагынын машина куруу жана конверсиялар бөлүмүнүн жетекчиси;

07.1995-06.1996 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

06.1996-07.1998 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Аппаратынын Жалпы бөлүм башчысы;

07.1998-05.2000 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекичиси;

05.2000-04.2005    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;

04.2005-02.2008 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин ишин камсыздоо бөлүм башчысы;

02.2008-11.2009 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экономика, бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

11.2009-12.2010 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

12.2010-12.2011 Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;

03.2012-06.2015 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы;

06.2015-10.2015 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;

09.2016-02.2019    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти;

02.2019-07.2019     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлүнүн орун басары;

30.07.2019-ж. азыркы кезге чейин    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>