Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.
Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Алмазбек Атамбаев тез жардам унаасы менен колониядан сотко алынып келинди.