“Ректорду жамаат шайлаш керек”: Депутат министрди сынга алды

“Ректорду жамаат шайлаш керек”: Депутат министрди сынга алды

Жогорку окуу жайлардын ректорлорун университеттин жамааты шайлашы керек. Мындай пикирин бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бул багытта демократиялык жолду көрсөткөн жок.

“Студенттер мугалимдерди багып жатышат. Анткени мугалимдер студенттер төлөгөн контрактын негизинде айлык алышат. Ошондуктан окуу жайдын ректорун жамаат шайлашы керек. Сырттан башкаруу алып келүү туура эмес”, — деди Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети жана депутат Улугбек Ормонов тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириккен долбоору талкууланып жаткан.

Мыйзамга ылайык, “улуттук” макамы бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун президент тарабынан, ал эми калган мамлекеттик жогорку окуу жайларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындоо сунушталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ректор

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>