Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жерүй алтын кенинде жайгашкан “Альянс Алтын” ишканасына барды.
Сапардын жүрүшүндө Минкаб төрагасы алтын ылгоочу фабриканын иши, өндүрүштүк процесстер, колдонулган технологиялар жана экологиялык талаптардын аткарылышы боюнча маалымат алды. Ошондой эле калдыктарды сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу менен таанышып чыкты.
Маалыматка ылайык, компания 2015-жылдан 2025-жылдын апрелине чейин мамлекеттик бюджетке жана фонддорго 28,4 млрд сом салык төлөгөн. Анын ичинен 21,5 млрд сом алтын сатуу эсебинен түшкөн. Ошол эле учурда, 2016–2025-жылдар аралыгында аймактагы социалдык долбоорлорго 317,8 млн сом жумшалып, бул каражаттар медицина, билим берүү, спорт жана инфраструктура тармактарын колдоого багытталган.
Ишкана учурда жылына 5 тоннага чейин алтын өндүрө турган кубаттуулукка жеткен. 2021-жылдан 2025-жылдын апрелине чейин 6,9 млн тонна руда казылып алынып, 17,6 тонна “Доре” уютмасы өндүрүлдү, анын ичинен 17,3 тоннасы сатылып бүттү. Жалпы жонунан, ишканада 1,5 миңге жакын адам эмгектенет.
Адылбек Касымалиев жер казынасын жоопкерчиликтүү пайдалануу, экологиялык жана коопсуздук стандарттарын сактоо маанилүү экенин белгилеп, ишканага ийгиликтерди каалады.
Мындан тышкары, төрага Мамлекеттик ипотекалык программа алкагында Таласта салынып жаткан 310 батирлүү турак жай комплексинин курулушу менен да таанышты.