“Альянс Алтын” алдыңкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ноутбук белек кылды

“Альянс Алтын” алдыңкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ноутбук белек кылды

Таластагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы облустагы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алган 8 окуучуга ноутбуктарды жана аларды даярдаган мугалимдерине 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземи 30-май күнү президенттин Таластагы өкүлчүлүгүндө өтүп, ага облус жетекчиси Нурлан Дарданов жана “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев катышты.

Батырбек Качкымбаев “Альянс Алтын” компаниясы менен алардын фонду билим берүү тармагына колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экенин белгилеп, алардын колдоосу билимдүү жаштар үчүн стимул болот деген оюн билдирди.

“Биз билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлого ар дайым колдоо кылабыз. Бул жолу дагы облусубуздагы мыкты бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана аларды окуткан мугалимдерине колдообузду көрсөтүүдөбүз. Келечекте Талас облусуна, өлкөбүзгө пайдасын тийгизген мыкты атуулдар азыркы “Алтын тамга” алган окуучуларыбыздан чыгат деп толук ишенебиз”, — деди Качкымбаев.

Облус башчысы Нурлан Дарданов, окуучулар, мектеп жетекчилери “Альянс Алтын” компаниясына жана өнүктүрүү фондуна мындай колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу үчүн Билим берүү министрлиги өткөргөн сынакка Талас облусу боюнча 82 бүтүрүүчү катышкан. Алардын ичинен 8 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>