«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Ош шаарында таштандыларды иргөөчү ишкана иштей баштады
31.05.2024 | 19:06
Ош шаарында таштандыларды иргөөчү ишкана иштей баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ал «Таза-Комплекс» ишканасы тарабынан курулган. Кайра иштетүү станциясында 80ден ашык жумушчу орун түзүлгөн. Алдыда жумушчу орунду көбөйтүү каралган.
Сорттоочу комплекс Орусия менен Европанын алдыңкы заманбап технологиялары менен камсыздалган.
Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта станцияны куруу, ал эми экинчи этап кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү, калдыктардын түзүлүшүн аныктоого квалификациялуу адистерди жана жумушчуларды даярдоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом