Белгилүү акын Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин жана анын терегрек-четин көрктөндүрүүгө тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тендер мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган. Оңдоо, көрктөндүрүү иштерине 8 млн 525 миң сом каралган.
Сынак боюнча арыздар 19-сентябрга чейин кабыл алынат.
Алыкулов Осмонов 1915-жылы жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы көз жумган.
Акындын үйү «Сокулук көчөсү 10» дарегинде жайгашкан. Осмонов аны 1945-жылы сатып алып, өмүрүнүн аягына чейин — 1950-жылдын 12-декабрына чейин жашаган. Ал үй 1941-жылы салынган. Акыркы жолу оңдоо иштери 2000-жылдары жүргүзүлгөн. Үйдө оңдоо иштерин жүргүзүү керектиги бир нече жылдан бери айтылып келе жаткан.