Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев сессияга келбей калганы үчүн жемеге кабылды.
Депутат Аманкул Токтомамбетов “ушундай маанилүү мыйзам долбоорлоруна министр өзү келип жооп берчү эле, чакырбайлыбы? Министр үйрөнсүн, соцфонд эмне экенин, мыйзам эмне экенин… Антпесе, ковид менен жүрүп, өлүктөр менен аралашып атып, бул жак менен деле түшүнүгү жок болсо керек… Ошол үчүн экинчи окууга чейин министрге айтып коюңуз, мына бул мыйзамды бериңиз, жакшылап окуп келсин!”-деди
Саламаттыкты сактоо министрлиги менен социалдык өнүктүрүү министрлиги бириктирилген болчу.