«Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюму Кыргызстандын мектептери үчүн 50 автобус берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Автобустарды тапшыруу аземи бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Т. Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтөт.
Аталган унаалар алыскы аймактардагы мектептерге берилет.