Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болду

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
58 жаштагы Кенжебаев 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин эки жолу Сокулук районунун акими, ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими кызматтарында иштеген.
2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болгон. 2022-жылдан тартып Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы болгон.
Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуп чыккан.
Эске салсак, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев өзүнүн кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору болуп дайындалды.