АӨБ Борбор Азияда «жашыл» энергетикага жана санариптик чек араларга миллиондогон долларларды жумшайт

20.11.2025 | 19:01

БАРЭК программасы 2001-жылы негизделгенден бери өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 54 миллиард АКШ долларынан ашык каражат мобилизациялашкан. Бул тууралуу БАРЭК форумунда АӨБдин регионалдык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Лязиза Сабырова билдирди. Анын айтымында, бул каражаттардын болжол менен 70%ы транспорттук байланышты өнүктүрүүгө, ал эми 23%ы регионалдык энергетиканы чыңдоого багытталган.

АӨБ өзү бардык инвестициялардын болжол менен үчтөн бирин каржылап, өзүнүн катализатор жана координациялоочу ролун баса белгиледи.
Алдыдагы жылдары инвестициялар бир нече негизги багыттарга жумшалат:

БАРЭК-2 коридору («Орто коридор»):
2025–2028-жылдар аралыгында АӨБ соода, транспорт жана логистика тармактарындагы 18 долбоор үчүн БАРЭКтин жети өлкөсүн камтыган бул стратегиялык маршрут боюнча 4 миллиард долларга жакын каражат мобилизациялайт.

Гидроэнергетика:
Өлкөлөрдүн негизги гидроэнергетикалык долбоорлорун колдоого 800 миллион доллардан ашык каражат бөлүнөт. Аларга Тажикстандагы Рогун ГЭСи жана Кыргызстандын Камбар-Ата – 1 ГЭСинин долбоору кирет.

Каспий «Жашыл» коридору:
Банк Азербайжанга, Казакстанга жана Өзбекстанга Борбордук Азиядан Европага таза энергия жеткирүүнү камсыздоого багытталган бул «трансформациялык» долбоорду илгерилетүүдө колдоосун улантат.

Айрыкча «катуу» гана эмес, «жумшак» инфраструктурага да көңүл бурулду.

Маалымат үчүн: Катуу инфраструктура — физикалык объектилер (жолдор, электр тармактары, байланыш).
Жумшак инфраструктура — социалдык системалар жана институттар (билим берүү, саламаттык сактоо).

Лязиза Сабырова FIELD (интеграция, логистика жана өнүгүү үчүн чек араларды модернизациялоо) аттуу жаңы инновациялык каржылоо механизмин ишке киргизүүнү жарыялады. Механизмдин максаты — чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарын комплекстүү жакшыртуу, анын ичинде биргелешкен көзөмөл пункттарын түзүү. Мындай алгачкы пункт Грузия менен Азербайжандын чек арасында пайда болушу мүмкүн.

Scroll to Top