АӨБ Кыргызстанга экономиканы жеке сектордун эсебинен өнүктүрүүнү сунуштайт
Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлү Гүлнур Керимкулова өлкөнүн 2025-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрүнө серепти жана жакынкы келечекке карата болжолун сунуштады.
Отчетко ылайык, республика үчүн негизги артыкчылык — жеке сектордун эсебинен өсүүгө өтүү.
2025-жылдын жыйынтыгы: өсүү жана инфляциялык басым
2025-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү жогору бойдон калып, баалоолор боюнча 11,1%ды түздү (2024-жылдагы 11,5%га салыштырмалуу). Өлкө Борбордук Азия чөлкөмүндө өсүү темпи боюнча лидерлердин бири бойдон калууда.
Негизги кыймылдаткыч күчтөр катары мамлекеттик инвестициялар жана диверсификация саналды.
Жаңы ишканалардын (тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, химия тармагы) ишке берилишинин аркасында өнөр жайы 11%га өстү. Тейлөө чөйрөсү 11%га, курулуш — 21%га жогорулады. Эмгек акынын өсүшүнүн жана акча которуулардын көбөйүшүнүн (23%га) фонунда үй чарбаларынын керектөөсү 17,5%га өстү.
Бирок инфляция 8,2%га чейин тездеди (2024-жылдагы 5%дан). Буга негизинен азык-түлүк бааларынын өсүшү (болжол менен 10%), ошондой эле электр энергиясына жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшү салым кошту.
Жылдын оң жыйынтыгы катары алтын-валюта резервдеринин 69%га — 8,6 миллиард АКШ долларына чейин өсүшү саналды, бул жети айлык импортту жабат. Бюджет үчүнчү жыл катары менен профицит менен жабылды (ИДПнын 2,5%ы).
2026–2027-жылдарга карата болжол
АӨБ өсүү темпинин акырындык менен басаңдашын болжолдойт: 2026-жылы 8,9%га жана 2027-жылы 8,4%га чейин.
Инфляция: жогорку суроо-талаптан жана тарифтик саясаттан улам 2026-жылы 10,3% деңгээлинде туу чокусуна жетиши, андан кийин 2027-жылы 8,5%га чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
Бюджет: инфраструктурага жана социалдык муктаждыктарга кеткен чыгымдардын өсүшүнөн улам профицит бир аз дефицитке (ИДПнын 1%на жакынына) алмашат.
Тобокелдиктер: экинчилик санкциялардын, жеткирүү чынжырларындагы үзгүлтүктөрдүн жана инфраструктуранын эскиришинен улам электр энергиясынын тартыштыгынын коркунучу сакталууда.
Жеке инвестициялар үчүн тоскоолдуктар
Гүлнур Керимкулова жеке сектордун экономиканын кыймылдаткычы болушуна тоскоолдук кылган үч негизги чектөөнү бөлүп көрсөттү:
- энергетикалык ажырым: керектөө кубаттуулуктун чегине жетип, Кыргызстанды электр энергиясын экспорттоочудан импорттоочуга айлантты. Ошол эле учурда энергиянын 74%ын калк, ал эми 14%ын гана өнөр жай керектейт;
- начар финансылык ортомчулук: жеке секторго берилген насыялар ИДПнын 23%ын гана түзөт (чөлкөмдөгү эң төмөнкү көрсөткүч). Банктарда ашыкча ликвиддүүлүк чогулган (коэффициент — 286%), бирок каражаттар өндүрүшкө жумшалбайт. Насыялардын 40–45%ы керектөөгө берилет, ал эми өнөр жайды насыялоо кыскарууда;
- көмүскө (формалдуу эмес) экономиканын жогорку деңгээли: формалдуу эмес иш менен камсыз болуунун үлүшү болжол менен 60%ды түзөт, бул ак ниет эмес атаандаштыкты жаратат.
АӨБдүн сунуштары
Кырдаалды өзгөртүү үчүн банктын эксперттери төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- банктардын ашыкча ликвиддүүлүгүн өндүрүш секторлоруна багыттоо;
- инвестицияларды коргоо үчүн мыйзамдарды модернизациялоо жана жеке жана мамлекеттик компаниялар үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу;
- бизнести көмүскөдөн чыгаруу үчүн салыктык башкарууну (администрациялоону) жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү;
- насыялар жана депозиттер боюнча чендердин (ставкалардын) ортосундагы айырманы азайтуу үчүн банктык көзөмөлдү күчөтүү.
«Өкмөт маанилүү реформаларды баштады (Камбар-Ата-1 ГЭСин, темир жолду куруу долбоорлору, “Нөл плюс” жөнгө салууну жоюу демилгелери), бирок инвестициялардын масштабдуу агылып келиши үчүн бул чараларды тереңирээк жана ырааттуу ишке ашыруу зарыл», — деп эсептешет АӨБдө.