«Апама каяша айтасың» деп аялына кол көтөргөн кишиге сот өкүмү чыкты

«Апама каяша айтасың» деп аялына кол көтөргөн кишиге сот өкүмү чыкты

Апасына каяша айтканы үчүн аялына кол көтөргөн жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Иш Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда быйыл 19-январда каралган. Ал эми окуя былтыр 15-октябрда болгон.

Токтомдо айтылгандай, айыпталуучу К.Ж. (аттары өзгөртүлдү) күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал билдиргендей, 15-октябрда эртең менен тургандан кийин бети-колун жууп жатканда, апасы Ч.М. анын жубайына «муздаткычты жууп кой» десе, ал «жуубаймын» деп сөз кайтарып жатканын угуп калган. Ал ачуусу менен аялына барып, бет маңдайына алаканы менен бир жолу уруп жиберген.

Жабырлануучу Т.У.нун айтымында, ал жолдошу менен тогуз жылдан бери бирге жашап келет. Окуя болгон күнү күйөөсү жанына келип, «сен апама эмнеге сөз кайтарып жатасың?» деп 5-6 жолу башына уруп жиберген. Окуяны балдары да көргөн. Жабырлануучу күйөөсү ага биринчи жолу кол көтөрүп жатпаганын,  кол көтөрүү көнүмүш адат болуп калганын билдирген.

Сотто жабырлануучунун иниси Н.Т. күбө катары суралган. Анын айтымында, ал окуяны көргөн эмес. 15-октябрда жумуштан келгенде, үйгө эжеси балдары менен келгенин көргөн. Эжеси болгон окуяны айтып, башы ооруп жатканын билдирген. Ал эжесин дароо дарыгерлерге алып барып, ооруканага жаткырган. Эжеси ооруканада болжол менен 10 күндөй дарыланып чыккан.

Ал кошумчалагандай, жездеси эжесине мурда да кол көтөрүп жүргөн.

Сот тараптарды угуп, иштин материалдары менен таанышкандан кийин айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 60 сааттык коомдук иштерге тартуу чечимин чыгарган.

Өкүмгө каршы тараптар 30 күн ичинде облустук сотко кайрыла алат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>