“Кумтөргө” кызматкерлерди тааныш аркылуу алып жатышат, — эл өкүлү

“Кумтөргө” кызматкерлерди тааныш аркылуу алып жатышат, — эл өкүлү

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев дээрлик бир жылдан бери «Кумтөрдө» кызматкерлерди жумушка алуу процессин тартипке келтирүү маселеси көтөрүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ал жерге тааныш-билиш аркылуу гана жумушка алынып жатат деген кептер бар. Өкмөт бул суроого реакция кылбай келет.

“Кумтөр” ишканасы толугу менен Кыргызстанга өттү. Кызматкерлерди жумушка алуу процессин тартипке келтирүү керек. Бул боюнча профилдик мекемелерге протоколдук тапшырма берип койгула», — деп депутат парламенттин төрагасы Нурлан Шакиевге кайрылды.

Мындан тышкары ал калктуу конуштарды бийик тоолуу, алыскы аймактардын катарына киргизүү боюнча комиссиянын курамына депутаттарды кошуу боюнча чечимди кабыл алууну тездетүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>