Аны ЖМКлар аркылуу каралап жатышат. Кадыр Атамбаев апасынын ооруканага жаткырылганын билдирди

23.09.2025 | 17:00

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Бүгүн биз апамды ооруканага жаткырдык. Оорукана башчысы 4 күн мурда эле аны жаткыруу зарыл экенин айткан, бирок орун жоктугунан жаткыра албай, дары жазып берген эле. Өткөн аптада бизди көчүрүп жаткан учурда анын саламаттыгы өтө начарлап кеткен. Бийлик апамды каралап, элге жаман көрсөтүүгө аракет кылып жатат, анткени ал эч качан кадрдык дайындоолорго аралашкан эмес жана башка биринчи айымдардыкындай фонддору болгон эмес. Ал КММАдагы кесиптештерине ооруканага бир апта жата турганы жөнүндө айтуу үчүн гана баштыкты (таштандылар салынган) убактылуу калтырган, андан кийин өзү кайра келип, контейнерге салмак. (Таштанды контейнерлери КММАнын каршы тарабында жайгашкан). Бирок ал КММАда бир топ убакыт жүрүп калган. Ал эми үйгө келгенде баштыкты издеп, кароолчу менен сүйлөшкөн», — деди Кадыр Атамбаев.

Бүгүн, 23-сентябрда, жергиликтүү ЖМКлардын бири Раиса Атамбаева подъездге таштанды таштап жатканын анын коңшулары журналисттерге айтып жатышканы көрсөтүлгөн видеону жарыялаган. Кадрдан мурдагы президенттин жубайы тепкичтен түшүп, сыртка чыгып баратып баштык калтырып жатканын көрүүгө болот.

Кадыр Атамбаев үй комитети (домком) жана андагы жашоочулар кимдир бирөө видеону кесип алганына таң калышканын жана ал кандай жол менен тарап кеткени боюнча эч нерсе билишпей турганын кошумчалады.

«Үй-бүлөнү каралоо үчүн бул видеону таратуу, бизди үйдөн күч менен көчүрүү — бийлиги барлар тарабынан жасалган жүзү каралык. Карып калган апама куугунтуктоону токтотууну суранам. Бийлик батир биздики эмес, туугандарыбызга таандык экенин билет. Эми камераларга жазылгандарды алып, керектүү ЖМКларга таратып, бизди бул жакта да көзөмөлдөп башташты окшойт», — деди Атамбаевдин уулу.

Scroll to Top