Сом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам бар
Ошто тилемчиликке каршы рейд жүрүп, 6 бала убактылуу жайга жайгаштырылды
23.09.2025 | 16:51

Ош шаарында «Тилемчи» аталышындагы рейддик иш-чара өтүп, анын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуу учурлары аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИББ кабарлады.
Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жүргүзгөн рейдде 14 административдик укук бузуу фактысы катталып, тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары, ата-энеси тарабынан тилемчиликке мажбурланган 6 өспүрүм убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылып, социалдык коргоо кызматтарына 10 маалыматтык кат жөнөтүлдү.
Милиция кызматкерлери тилемчиликке тартылган жарандардын жашаган аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамдагы жоопкерчиликтер тууралуу эскертүү беришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом