2024-жылдын апрель айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 233,6 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Алардын маалыматында, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн – 216,4 млн. келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 17,2 млн. доллар которулду.
Апрелде Кыргызстандан 34,9 млн. доллар чыгарылды. Анын 29,5 миллион доллары КМШга, 5,5 миллиону алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлдү.