АР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантат

Йемендеги хуситтер Иранды колдоп, Израилге жана деңиз жолдоруна ракеталык жана учкучсуз учактар менен чабуулдарды жасоону чечти. Бул тууралуу хуситтердин атын атагысы келбеген эки жогорку даражалуу өкүлү билдиргенин Associated Press агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, хуситтердин алгачкы чабуулу бүгүн кечинде болушу мүмкүн. Буга чейин хуситтер Дональд Трамптын администрациясы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында деңиз каттамдарына кол салууну токтотуп келишкен. Ошондой эле Газадагы согуш аракеттерин токтоткон октябрь айындагы келишимден кийин Израилге каршы чабуулдарын токтотушкан.
Бүгүн, 28-февралда, Америка Кошмо Штаттары менен Израил Ирандын аймагына аскердик чабуулдарды башташты. Соккулар өлкөнүн аймактарында жана борбору Тегеранда жасалып жатканы айтылууда.
Иран буга жооп кайтарып, Израилди көздөй учкучсуз учактардын жана ракеталардын «биринчи толкуну» башталганын жарыялады.
Маалымат үчүн: хуситтер – Йеменде 1990-жылы түзүлгөн диний-саясий куралуу топ. Алар Йемендин чоң бөлүгүн, анын ичинде борбор шаар Санааны көзөмөлдөп, өкмөткө каршы турушат. Хуситтер өз кыймылын ХАМАС жана «Хезболла» менен биргеликте Ирандын Израилге, АКШга жана бүткүл Батышка каршы «каршылык көрсөтүү огунун» бир бөлүгү деп эсептешет.