И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мыйзам бузуу аныкталып, 59 чет элдик студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган окуу жайга расмий түрдө кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө Кыргызстанда эместиги жана окуу процессине катышпаганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Мунун негизинде комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 59 чет өлкөлүк студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынган. Алардын ичинде Өзбекстандын 30 жараны, Казакстандын 20 жараны, Орусиянын 9 жараны бар.
Учурда УКМК аталган университеттин окутуучулук жана административдик курамындагы аныкталган мыйзам бузууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.