Араванда COVID менен күрөшкөн медиктерди коркутуп, акча талап кылган адам кармалды

Араванда COVID менен күрөшкөн медиктерди коркутуп, акча талап кылган адам кармалды

Араван районунда 31 жаштагы адам коронавирус илдети менен күрөшкөн мед айымдардан опузалап акча алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын баса сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, шектүү 12-ноябрь күнү Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымдары И.Х. жана М.Г. аттуу кызматкерлерди коронавируска байланыштуу туура эмес тактама бергенсиңер деп 100 миң сом талап кылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө шектүү буга чейин мед айымдарды опузалап 31 000  сом алган, аны менен тим болбостон кылмыштуу аракетин улантып мед айымдардан дагы 20 000 сом  алып чыгып бара жаткан жеринен милиция кызматкерлерине колго түшкөн.

Азыркы учурда иш боюнча тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>