«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигиштиАлыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулууда
Армения Кыргызстанга пайызсыз насыя берет
25.11.2022 | 23:55
Армения өкмөтү Кыргызстанга 5 жылга чейин пайызсыз насыя берет. Ал эми Кыргызстан Арменияга бул каражатка өндүрүлгөн продукцияны берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун айтымында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен макулдашуу боюнча каражат Баткен районунун 500 гектарына өрүк көчөттөрүн отургузууга бөлүнөт.
“Учурда адистер келишүүдө. Азырынча Баткенге же Лейлекке отургузууну тактап жатышат. Интенсивдүү бакча үчүн көчөттөрдү Италиядан алып келебиз. Ошондой эле Баткен өнүктүрүү фондунун эсебинен тамчылатып сугаруу системасын орнотобуз”, – деди ал.
Өкмөт башчы Армения берген насыянын суммасын атаган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар