Артем Новиков чек ара чырында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу вице-премьер министр “Фейсбук” баракчасы аркылуу өзү кабарлады.
“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусуна келдим жана Баткен районундагы Баткен облустук ооруканасына бардым.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алдым.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык багыттар боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө”, — деп жазган Новиков.