Артем Новиков манасчылар менен жолугушту – видео

Артем Новиков манасчылар менен жолугушту – видео

Премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Манас» эпосу күнүн утурлай манасчылар менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабаралайт.

Жолугушууда Артем Новиков кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, анын эң көрүнүктүү образы «Манас» эпосу болуп саналарын белгилеген.

«Дүйнөдө архитектуралык, тарыхый, археологиялык баалуулуктар менен байыркылыгын далилдеген ар кандай маданияттар бар. «Манас» эпосунун уникалдуулугу — теңдеши жок жана дүйнөлүк маданиятта өзгөчө орунду ээлеген улуу мурас. Ал баштагыдай калыбында жашай берет. Бул муундарды тарбиялаган билим сандыгы. Эпос өлкөбүз үчүн оор мезгилде, мисалы, пандемия учурунда бардыгыбызды бириктире алат. Ошондой эле жакында бүткүл дүйнөнү кызыктырган окуяны белгилегим келет. Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосун 14 сааттан ашык тынымсыз айтты. Бул Гиннесстин рекорддор китебине киргизилет деп үмүттөнөм, аны менен бул өнөрдүн уникалдуулугу дагы бир жолу баса белгиленет», — деген ал.

Баарлашуу учурунда манасчылар чыгармачылыкта туш болгон маселелер жөнүндө айтып беришти. Маданий мекемелерде манасчы штаттык бирдигинин жоктугу жана «манасчылардын» макамы жөнүндө сөз болду.

Артем Новиков «Манас» эпосун колдоо жана жайылтуу боюнча беш жылдык улуттук программа иштелип жатканын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айтылган маселелерди чечүү үчүн күч-аракет жумшайт деп ишендирди.


Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>