Арыкка чөгүп кеткен. Кара-Балта жактан психдиспансердин бейтабынын сөөгү табылды
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан Чүйдүн Индом айылында жайгашкан психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин 46 жаштагы бейтабынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда Жайыл райондук ИИБге аталган мекеменин директору кайрылып, ошол эле күнү саат 12:45 чамасында 1-топтогу майып Наталья Геннадьевна Денисенко аттуу 46 жаштагы бейтап дайынсыз жоголгонун билдирген.
«Курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу оор абалдагы бейтаптар убактылуу имараттын үчүнчү кабатында жайгаштырылган. Саат 12:30дар чамасында бейтаптар сейилдеп жүргөн учурда кызматкерлер Денисенконун жок экендигин аныкташкан. 26-октябрда издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери анын жансыз денесин Индом айылынын батыш тарабындагы арыктан, мекемеден 3 чакырым алыстыктан табышкан», — деп айтылат маалыматта.
Милициянын бейтаптын денесинде зомбулуктун издери табылбаганын кошумчалады. Сөөк Жайыл районундагы моргго жеткирилген. Ал жерде соттук-медициналык экспертиза өлүмдүн себеби сууга чөгүү жана организмдин үшүк алуу экени тууралуу алдын ала жыйынтыгына чыгарган.
Учурда окуя боюнча териштирүү иштери уланууда, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Анын жайынтыгында мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.