Ашуулардагы абал: жолдор тазаланып, киргизилген чектөөлөр алынууда

09.12.2025 | 11:04

Транспорт министрлиги ашуулардагы жолдорду кардан тазалоо иштери күнү-түнү тынымсыз жүрүп жатканын билдирди.

Бүгүн, 9-декабрь, саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынат.

Министрлик жарандарга кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоону эскертип, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.

Scroll to Top