Бишкектеги парадда Тор М2-КМ, Печора 2БМ жана С-300 ПС ракеталык комплекстер көрсөтүлөт.
Токмок шаары. 30-апрель, таңкы саат 8:00 Таң эртеден тарта Токмоктогу аскер базасы моторлордун үндөрүнө жана аскердик музыкага бөлөндү. 8-майда өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга карата масштабдуу машыгуу жүрүүдө.
Репетицияда 120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу системалары жана авиация көрсөтүлүүдө. Анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин символу болуп калган легендарлуу Т-34 танкасы.
Бул танк жөн эле машина эмес, күчтүн жана жеңилбестиктин символу. Ал от менен болоттон өтүп, тарыхтын агымын өзгөрттү жана азыр да урмат-сыйга ээ!
Анын издери жеңишке, экипажы муундардын эсинде өлбөстүккө жол ачты.
8-майда Бишкекте өтүүчү парадга 3 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Көрүүчүлөр биринчи жолу Ала-Тоо аянтынан Тор М2-КМ, Печора 2БМ жана С-300 ПС ракеталык комплекстерин көрө алышат. Параддын аба бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы да катышат.
Сюжетти төмөнкү ссылкадан көрүңүз