Коомдук ишмер, журналист Ассоль Молдокматова сүйүктүүсү Бекназар Жамангараев колун сураганын билдирди.
Ал жүрөк толкуткан көз ирмемдеги сүрөттөрдү бүгүн, 14-февралда Валентин күнүндө социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«14-февралда Тынч океандын жээгинде Санта-Круз Бекназар мага шакек тагып, расмий түрдө үйлөнүү сунушун киргизди», — деп билдирди Ассоль Молдокматова.