Ат-Башыда катуу шамалдан 5 адам жабыркап, ооруканага түштү
Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда 10-майда секундуна 12-24 метрге жеткен катуу шамал болуп, анын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамалдын кесепетинен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Ат-Башы айылындагы 2 кабаттуу турак үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектептин жылытуучу отканасынын, Кара-Суу айылындагы 1 турак үйдүн, Дыйкан айылында 2 турак үйдүн, Калинин айылындагы мектептин спорт залынын, Май-Булак тилкесиндеги 1 мечиттин жана 3 турак үйдүн чатырчалары зыянга учурады.
Мындан сырткары Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 2 кичинекей бала, Ача-Кайыңды айылынан 1 тургуну, Большевик айылынын 1 тургуну, Ак-Жар айылынын бир тургуну шамалдын кесепетинен жабыр тартышып, райондук ооруканага жаткырылды.
Облус башчынын орун басары Шабдан Абдырайым Ат-Башы райондук ооруканасындагы жабыр тарткан жарандардан кабар алып, 2 жаш балага материалдык колдоо көрсөттү.
«Учурда 1 жаш 6 айлык бала жандандыруу бөлүмүнө, ал эми эжеси 8 класста окуган кыз хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Учурда наристенин абалы оор. Ал эми эжесиники орто деп бааланууда. Ошондой эле катуу шамалдын кесепетинен Ача-Кайыңды айылынын тургуну турак үйдүн чатырын оңдойм деп кулап түшкөн. Учурда бейтап Ат-Башы райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө, абалы оор. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», – деп айтылат маалыматта.
[image_carousel source=”media: 209327,209328,209329,209330,209331″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз