Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Ат-Башыда жол кырсыгынан 2 киши каза болуп, 3 адам жабыркады
04.02.2021 | 11:37
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жол кырсыгында 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-февраль күнү саат 10:30дар чамасында Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында болгон. Анда Ауди С4 жана “Тойота Ипсум” унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы жана 52 жаштагы адам көз жумган.
Мындан сырткары 54 жаштагы жана 30 жаштагы киши, дагы бир аял жаракат алган.
Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришип, жабыркаган адамдарды ооруканага жеткиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар