Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кызды зордуктоого аракет кылган 27 жаштагы жигит камакка алынды
04.02.2021 | 10:44
Кызды зордуктоого аракет кылган шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
29-январда жаран А.Ж. белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, ал ошол эле күнү саат 7:25 чамасында Фере көчөсүнүн жанындагы токой плантациясында физикалык күч колдонуп, аны жерге жыгып, зордуктоого аракет кылган. Бирок кол салган адам муну жасай албай, из жашырып качып кеткен.
Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси “Зордуктоо” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.А кармалып, Бишкектеги СИЗОго 2 айга камалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар