Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата -Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жанарбек Надырбеков кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал массалык баш аламандык жасоого жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелүүдө.
«Жергиликтүү кеңештин депутаты Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды жарыялап турган», — дейт УКМК.
Жанарбек Надырбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди.