Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын чечими даяр болду.
Бул тууралуу депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитет жыйынында айтты.
Башкы прокуратуранын чечими комитет жыйынында талкууланып, ага башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да катышууда. Бул маселе жалпы жыйынга качан чыгары азырынча белгисиз.