Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Атамбаевдин абактагы жашыруун видеосу Жээнбековдун кабинетинен табылган – видео
17.11.2020 | 18:34
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жактоочу Сергей Слесаревдин жолугушуусу видеого жаздырылып турган. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Facebook баракчасына жазып, видеонун кыскача бөлүгүн жарыялады.
Жоошевдин айтымында, видео 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта Ак үйдүн 7-кабатындагы Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн табылган. Видеонун дисигин адвокатка берген адам аты-жөнүн ачыктаган эмес.
Дисктин сыртында “27.07. 2020 СИЗО.
АША – Слесарев. Узактыгы: 42 мин” деп жазылган.

Видеодон тергөө абактын жолугушуу бөлмөсүндөгү Атамбаев менен Слесаревдин сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот.
Адвокат Замир Жоошев бул боюнча Башкы прокуратурага арызданарын белгилеп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом