АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Өлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйынышты
06.12.2025 | 12:41

Кыргызстандагы 1 миң 334 жума мечиттеринде жамгыр, кар тиленип дуба кылынды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйынуулар өлкөдөгү кургакчылыкка байланыштуу өткөрүлгөн. Мындай тапшырманы башкы муфтий Абдулазиз кары Закиров берген.
«Азыр жалпыга маалым болгондой, чөлкөмдө кургакчылык өкүм сүрүп жатат. Мындай шартта сеждеге баш коюп, Алладан жамгыр-кар тилейли», – деген муфтий.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом