Биринчи Май райондук соту УКМКнын имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.
Жактоочулар эми Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко кайрылышмакчы.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө