Раиса Атамбаева сурак берип жатканы айтылды

22.11.2025 | 16:07

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилгенин Reporter.kg’ге укук коргоо органдарындагы булак кабарлады.

Мындан тышкары «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана сиңдиси суракка чакырылганы айтылууда. Бардыгы массалык баш аламандыкка чакыруу беренеси боюнча сурак беришүүдө.

Буга чейин Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырган деп шектелип кармалган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Андан кийин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жеткирилгени, ал эми Атазовдун кармалганы белгилүү болду.

Scroll to Top