Ататүрк паркында жашаган аялдын өлүмү. Мэрия депутаттан элди адаштырбоону суранды

Ататүрк паркында жашаган аялдын өлүмү. Мэрия депутаттан элди адаштырбоону суранды

Ататүрк паркынын аймагында жайгашкан үйдүн тургуну Сабига Байтурсунованын өлүмүнүн себептери тууралуу компетенттүү органдар түшүндүрмө берет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Андыктан муниципалитет Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдон жана башка кызыкдар тараптардан коомчулукту адаштырбоону суранат.

«Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйындарында бир нече жолу Ататүрк паркынын чек арасын бекитүү чечимин демилгелеген. Депутат юрист катары анын кесепети кандай болорун жакшы түшүнгөн», — дейт мэрия.

Муниципалитет Ататүрк атындагы сейил багынын аймагын кайтаруу боюнча иштер мыйзам чегинде жүрүп жатканын белгилейт.

Белгилей кетсек, Ататүрктүн 43 гектар жеринде 198 объект уруксатсыз жайгашкан. Алардын катарында көп кабаттуу турак жай дагы бар. Парктын аймагындагы жер тилкелери жогорку кызматта иштеген мурдагы аткаминерге, саясатчыларга берилип кеткендиги айтылып, алардын тизмеси дагы жарыяланган.

 

Депутат «Ататүрктөгү» үйлөрдү бузуу маселесинен улам бир аял каза болгонун айтты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>