Аткаминерлердин кызматтык иш сапарларына көзөмөл күчөтүлөт

Аткаминерлердин кызматтык иш сапарларына көзөмөл күчөтүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал президентинин администрациясынын «Ынтымак Ордодо» өткөн жыйынында билдирди.

Касымалиев кызматтык сапарларды уюштурууда максаттары жана милдеттери окшошторду бириктирип, алардын санын кыскартууну, ошондой эле алардын отчеттуулугунун ачыктыгын камсыздоону тапшырды.

«Мындай чаралар чыгымдарды азайтууга, министрлик менен министрдин ишинин жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле ашыкча бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.

Командировкага кызматкерлерди тандоодо субъективдүүлүккө жана регламенттерди бузууга жол бербегиле. Буга байланыштуу командировкалардын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү, кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыттарына басым жасоону, алынган билимди жана тажрыйбаны башкаруу процесстерине интеграциялоону жана реформаларды натыйжалуу киргизүүнү камсыздоону тапшырам», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>